Connect with us

ЖК комитети Бишкектин мэрин элге шайлатуу сунушун колдоду

Кыска кабар | 14 Мар 2023 | 431 | 0

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитети жергиликтүү бийлик боюнча жана борбор калаанын статусу боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган долбоорду карады.

Мыйзам долбоорду депутаттар Жанарбек Акаев, Нилуфар Алимжанова, Фарходбек Алимжанов, Чыңгыз Айдарбеков, Азамат Исираилов, Гүлкан Молдобекова, Эмил Жамгырчиев демилгелеген.

Жыйында баяндама жасаган депутат Жанарбек Акаев: «2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин бүгүнкү күндө сегизинчи мэр иштеп жатат. Министрлер кабинети «колдобойбуз» деген корутунду чыгарып берди. Негиздемеңерде көп нерсе чындыкка дал келбейт. Анткени силер айтып жатасыңар, «туруктуу иштеши керек» деп. Тескерисинче, эки жылдын ичинде сегиз мэр алмашты. Бишкектиктер, борбор калаанын тургундары мэрлердин атын жаттаганга үлгүрбөй калышууда. Бул мыйзам долбоордун башкы максаты: шаардыктар шаардын башчысын түз шайлашы керек. Мэр болгусу келген адамдар өзүнүн программасын айтсын», — деди.

Ошондой эле депутат жаңы конуштардагы үйлөрдүн документтерин бүтүрүүгө президент өзү баш болуп чуркап жүргөнүн, эгер түз шайлоо болсо, талапкер шаарды кыдырып, өзүнүн программасын айтарын, азыр тескерисинче, эки-үч кишинин көңүлүн алган адам гана дайындалып жатканын айтып өттү. Аны менен катар бул процесс шаардык кеңештин мөөнөтү бүткөндөн кийин депутаттарды шайлоо менен биргеликте уюштуруларын белгиледи.

Андан тышкары Европадагы көп шаарлардын, Түркиядагы Стамбул, Анкаранын мэрлерин эл шайлаарын, Франциянын эки-үч президенти, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да убагында мэр болуп иштегенин эске салып өттү.

Жыйында сөз сүйлөгөн депутаттар Оштун мэрин да элдик шайлоо жолу менен бекитүү демилгесин көтөрүүнү сунушташты.

Айта кетсек, буга чейин мэрлер шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шайланып келген. 2021-жылы мыйзамга өзгөртүү киргизилип, республикалык жана облустук шаарлардын мэрин президент, райондук шаарлардын мэрин аким дайындап калган.

Copyright © 2017 Maral FM