Биз менен байланышыңыз

Курулушчулардын форуму: Батирге болгон муктаждык кескин өсүүдө

Коом | 13 Мар 2023 | 437 | 0

Бүгүн, 13-мартта Бишкек шаарында биринчи архитектура-курулуш форуму өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, курулуш компанияларынын, долбоорлоо уюмдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер катышты.

Форумда курулуштун сапатын, сейсмикалык бышыктыгын көзөмөлдөө, имарат куруудагы ченемдердин, эрежелердин сакталышы, ченемдик-укуктук актылардын аткарылышы сыяктуу маселелер талкууланды.

Бул тармакта алгачкы жолу өткөн форум Кыргызстандагы курулуш тармагын өнүктүрүү, көйгөйлөрдү чечүү, курулуштун келечегин талкуулоо үчүн ачык аянтча болуп саналары белгиленди.

Өлкөдө заманбап курулуштун сапатын камсыздоо максатында ушул тармакты көзөмөлдөгөн компаниялар менен ишканалардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чогулду. Жыйында өлкөдөгү акыркы он жылда салынган жана учурда салынып жаткан имараттардын, көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты тууралуу сөз болду.

Мамлекеттик архитектура, курулуш агенттигинин жетекчи орун басары Азирет Акимов белгилегендей, Кыргызстанда калктын саны күндөн күнгө көбөйүп жатканына байланыштуу имараттарга, жаңы курулуштарга муктаждык да болуп көрбөгөндөй өсүүдө. Эгер былтыр бюджеттен 4 млрд сом каралган болсо, быйыл 8 млрд сом бөлүү пландалып жатат.

«Бул көрсөткүчтөр быйыл курулуш тармагындагы жумуштар эки эсеге көбөйдү дегенди түшүндүрөт. Президенттин жана өкмөттүн бул тармакта алдыга койгон ири пландары жана талаптары бар, ошолордун баарын так, ыкчам аткарууга бел байлап турабыз».

Бишкектеги «Авангард Стиль» курулуш компаниясынын жетекчиси Эрнис Минкеев көп кабаттуу үйлөрдү салууда көзөмөлдөөчү ишканалардын пайдасы чоң деген ойдо.

Мындан сырткары ал учурда курулуш тармагы тез өнүгүп жатканын айтып, замандын талабына жооп берген үйлөрдү куруу зарылчылыгына токтолду.

«Бүгүнкү күндөгү негизги маселе – 20 кабаттан өйдө салынып жаткан курулуштар болууда. Иш-чарада мен ошол көп кабаттуу имараттарда кандай маселелер жана көйгөйлөр бар экенин айтайын деп турам. Кечээ интернеттен 37 кабаттуу мейманкана курулуп жатканын көрүп калдым. Мындай обьекттердин проект-концепциясы, өрт коопсуздугу, эвакуация маселелери абдан чоң жана татаал. Ошону дыкаттык менен карап, анан уруксат берилип курулушу керек. Ушул маселелерди да көтөрөм».

Архитектор Бейсен Кариев шаар четиндеги мыйзамсыз, тиешелүү уруксат кагазы жок салынган имараттар тууралуу сөз козгоп, алардын кооптуулугу тууралуу айтты.

«Бишкектин тегерегинде мыйзамсыз салынган үйлөр көп. Ошол атайын долбоору, уруксаты жок салынган үйлөр абдан коркунучтуу болуп турат. Биз мурдагы күнү таштанды полигон жакта жайгашкан Алтын Казык конушуна барып келдик. Ал жактагы үйлөр «Ала-Арча» суу сактагычына абдан жакын жайгашкан экен. Эгер катуу жер титирөө болсо, баары урап калышы мүмкүн». 

Түркияда февралдын башында күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталгандан бери Бишкек жана Ош шаарларындагы жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн коопсуздугу, сапаты тууралуу маселе көтөрүлдү.

Сейсмотуруктуу курулуш боюнча эксперттердин эл аралык ассоциациясынын президенти, техника илимдеринин доктору Улугбек Бегалиев зилзаладан кийин Кыргызстандагы үйлөрдүн сапатына өзгөчө көңүл бурулушу керек деп эсептейт.

Адис кардар да үй алып жатканда анын сапатына тынчсызданышы керектигин айтат. Ал бүгүнкү күндөгү өлкөнүн курулуш тармагына төмөндөгүдөй баа берди.

«Курулуштун сапатын өзүнчө текшерип жатышат, бирок маселенин баары долбоордун иштелип чыкканында болуп жатат. Жер титирөөнү кайсы конструкциялар кабыл алат? Демек ошол имараттын өзөгү боло турган негизги конструктивдүү чечимди иштеп чыгуу керек. Аны иштеп чыкпай эле ар ким билгенин кылып жатат, а эмненин негизинде? Аны ким текшерип жатат? Ошондуктан бул жерде маселеленин баары, мисалы, дубал салабы же тилкелерди (колонна) коюшабы, конструкцияларды туура коюуда болуп жатат».

Сейсмикалык адистер эгер өлкөдө катуураак жер титирөө болсо, жаңы тургузулган имараттардын көпчүлүгү урап калышы ыктымалын айтышууда.

Ал эми курулушчулар, көп кабаттуу курулушка уруксат берген мекемелер жаңы технологиялар менен курулган заманбап имараттар бекем болорун белгилеп келишет. Парламентте да атайын комиссия түзүлүп, үйлөрдүн сапатын текшерүү талабы коюлган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 16-февралдагы жыйынында өлкөдөгү көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты текшерилип жатканын билдирген.

Бүгүнкү форумдун аягында курулуш ассоциациясы жана архитекторлор уюму менен меморандум түзүлүп, резолюция кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM