Кыргызстанда быйыл Орозо 23-мартта башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады. 22-мартта өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат. Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу Айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Орозо кармоого кантип даярдануу керек? Кандай учурда кармабай коюуга уруксат берилет? Бир айлык орозо кармоонун адамдын ден соолугуна кандай пайдасы бар?
Өлкөдө он күндөн кийин Орозо башталат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаевдин айтымында, белгиленген күн Айдын чыгуусуна карап бир күнгө өзгөрүшү мүмкүн.
Ал бир жылда бир ай орозо кармоо — Ислам дининдеги негизги беш парздын бири экенин белгиледи.
«Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2023-жылдагы ыйык Рамазан айы 23-март деп белгиледи. Ал эми 22-мартта өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат. Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан Айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) өз сөзүндө: «Айды көрүп орозо кармагыла жана Айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгерде кандайдыр себептер менен силерге Ай көрүнбөй калган болсо, анда айды отузга толтуруп эсептегиле»- деп буйруган».
Орозо кармоонун ден соолукка пайдасы бар экени илимде көп жыл мурун аныкталган. Бирок ага алдын ала организмди даярдоо керек.
Дарыгер-гастроэнтеролог Сезим Мукамбетова орозо кармай турган адам психологиялык жактан даярданышы керектигин белгиледи. Себеби биринчи үч күндө организм ачка жүрүүгө көнөт. Ошол убакытта стресске кабылышы мүмкүн.
Дарыгердин айтымында, орозого чейин адам аз-аздан тамак жеп, куурулган же майлуу тамактардан баш тартып, туура тамактанууга өтүшү зарыл.
Орозону туура кармоо — ден соолукка чоң пайда берет, бирок айрым учурларда орозо кармоого болбойт.
«Эгерде бала эмизген же кош бойлуу айым болсо, аларга орозого кармоого болбойт. Жашы жете элек 9 жашка чейин өспүрүмдөргө кармаганга болбойт. Кан тамыр оорусунан жабыркаса, кан басымы жогору болсо, кант диабети жогору болсо, өнөкөт оорусунун күчөп турган учуру болсо, анда кармабашы керек. Ошондой эле өтүндө же бөйрөгүндө ташы бар, таштары козголуп турган учурда орозо кармоо сунушталбайт. Себеби узак убакыт тамак ичпей жүргөн адамдын ушул оорулары кайра күчөп кетиши мүмкүн».
Мындан сырткары дарыгер орозо кармоонун ден соолукка пайдалуу жактары тууралуу айтып берди.
«Организмдеги шеллактардын тазаланышына, жүрөк, кан тамыр, жана ичеги-карындардын эс алышына жардам берет. Кандын суюлушуна, кандагы майлардын, канттын төмөндөшүнө жардам берет. Кан басымдын төмөндөшүнө пайдалуу. Орозону туура кармаса, денебизге да тийгизген таасири чоң. Майлардын эришине жардамын тийгизет. Адам өзүн сергек сезет. Ошондой эле организмдеги уулуу заттардын чыгышына себеп болот».
Ал эми теолог Али Атамбеков орозо кармоо учурунда эмнелерге тыюу салынарын, орозону туура кармоонун жолдорун төмөндөгүдөй түшүндүрдү.
«Орозо кармаган адамдын биринчи кезекте ден соолугу чың болушу керек. Экинчиси, кул болбошу керек. Эркин болгон инсан гана орозо кармай алат. Орозо кармаган адамга эң негизгиси азыктанууга тыюу салынат. Суу, тамак жана башка азыктардын баарына тыюу салынат. Мындан сырткары жыныстык катнашка да барууга болбойт. Денеге кирген нерсе, азык болгон нерсе орозону бузат. Орозо кармоого даярдануу учурунда адам биринчи ниетин оңдошу керек. Кудайдын ыраазычылыгы үчүн орозо кармайм деп ниет кылышы керек. Кудайга жакпаган жагымсыз иштин баарын токтотом деп ниеттенүү зарыл».
Дарыгерлер орозого чейин тамактануу режимин түзүп, организмди акырындан даярдоо керектигин сунушташат. Алар ооз ачуу убактысында дароо муздак суу ичпөөнү эскертишет.
Быйыл Орозо айы 23-мартта башталат.