Биз менен байланышыңыз

Президент депутат катышкан мушташты иликтөөнү тапшырды (видео)

Кыска кабар | 13 Мар 2023 | 686 | 0

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты катышканы мушташ боюнча иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырылды. Бул жүрүм-турум мындай мамлекеттик кызматкердин этикасынын стандарттарына туура келбейт», — дейт Султанбаев.

Бишкектеги ресторандардын биринде 12-марттын кечинде мушташ болгону тууралуу видео социалдык тармактарга тарады. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров аралашканы көрүнгөн.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы учурда иликтөө иштери башталганын, мушташка катышкандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров бар экени тастыкталганын маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM