Ош шаарында 11-марттан 12-мартка караган түнү жылуулук берүү токтотулуп, кышкы жылытуу мезгили аяктайт. Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү буйрукка мэр Бакытбек Жетигенов кол койгон.
Жылуулук менен камсыз кылуучу мекемелерге 2023-2024-жылдарга жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүү тапшырмасы берилген.