Биз менен байланышыңыз

Президент Хабибулла Абдукадыр тууралуу пикирин билдирди

Кыска кабар | 11 Мар 2023 | 370 | 0

Бүгүн, 11-мартта президент Садыр Жапаров кечээ курулушу башталган Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү көп тармактуу бизнес борбордун жана ири мечиттин курулуштарына тиешеси бар делген бизнесмен Хабибулла Абдукадыр тууралуу «Кабар» улуттук маалымат агенттигине маек берди.

Анда Жапаров аталган эки курулушту куруп жаткан инвесторлордун арасында Абдукадыр да бар экенин ырастап, мейманкананы алар мурда сатып алган жер тилкесине курушарын, ал эми мечитти сооп үчүн акысыз салып бере турганын айтты.

Президент алар ошондой эле борбордон жер сатып алышып, «Бишкек-сити» деп аталган кичи шаарча курушарын жарыялады.

«Кыскасы, Бишкекке баш-аягы 1,5 млрд. доллар инвестиция салышат. Мунун эмнеси жаман? Ал эми мурдагы президенттер менен кандай мамиледе болгону мени кызыктырбайт. Эң негизгиси кылмыш иши жок болсо, издөөдө жок болсо болду. Мага Кыргызстандан акча чыгарып кетпей, тескерисинче, акча киргизгендер болсо, «келгиле, ар кайсы тармакка акча салгыла» деп баарын чакырам. Кол чаап тосуп алам. Интригадан башы чыкпаган журналисттердин же саналуу адамдардын сын-пикирлеринен коркпойм. Эң негизгиси жаман иш жасап, коррупцияга аралашып кетпесем болдубу? Жалпы эл, Кудай баарын көрүп турат», – деди Жапаров.

Президент мындан сырткары бажы тармагындагы корупциялык системаны 2021-жылдын аягында жойгондугун кошумчалаган.

10-мартта Садыр Жапаров Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү баасы 321 млн долларды түзгөн көп тармактуу заманбап комплекстин жана Орто-Сай айылында 20 миң кишилик 51 млн долларга бааланган «Ыйман борбору» мечитинин курулушуна капсула салган. Иш-чарадан жаряланган сүрөттөрдө кытайлык, уйгур тектүү бизнесмен Хабибулла Абдукадыр да жүргөнүн байкалып, социалдык тармакта кызуу талкуу жараткан.

Copyright © 2017 Maral FM