Биз менен байланышыңыз

Түркияда президенттик шайлоо 14-майга жылдырылды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Мар 2023 | 307 | 0

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган президенттик жана парламенттик шайлоону 14-майда өтө тургандыгын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Эрдоган Анкарада президенттик комплексте шайлоо чечимине кол койгондон кийин жалпы коомчулукка маалымат берген. Ал конституциянын   116-беренесинде берилген ыйгарым укук менен ушул жылдын 18-июнунда өткөрүлүшү керек болгон президенттик жана парламенттик шайлоону 14-майда өткөрүү чечимине кол койгондугун айткан.

Президент шайлоо күнүн эмне себептен бир ай алдыга жылдырганын мындайча түшүндүргөн:

«Баарынан мурда 18-июнь миллиондогон жаштар келечегин ойлогон университет сынактарына туш келген күн. Бул күнү өлкө ичинде жана өлкө тышынан жүз миңдеген жараныбыз ажылык парзын аткаруу үчүн ыйык жерлерге бара турган мезгилге туш келип жатат. Шайлоо күнүнө чейин башталгыч жана орто мектептер каникулга чыккандыктан,  жылдагыдай эле быйыл да миллиондогон жарандарыбыз туулган жерлерине же эс алуу аймактарына баруу үчүн жолго чыгат. Ушул себептерден улам 18 -июндун улутубуздун эркин добуш берүүсунө жакшы бир күн эмес экендигине баа бердик»,- деген Эрдоган.

Бул учурдагы президент Режеп Таййип Эрдоган талапкер боло турган экинчи шайлоо. Буга чейин бийликтеги партия талапкер катары экинчи мөөнөткө Эрдоганды кайра көрсөтө турганын жарыялаган.

Түркиянын баш мыйзамынын 101-беренесине ылайык, 40 жашка толгон, жогорку билимдүү, парламент депутаттыгына шайлануу укугуна ээ түрк жараны өзүн талапкер катары көрсөтүүгө укуктуу. Түркияда президент 7 жылга шайланат.

Copyright © 2017 Maral FM