Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 321 млн долларга көп тармактуу комплекс курулат

Кыска кабар | 11 Мар 2023 | 637 | 0

Бишкекте беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, соода жана турак жай аянттарын камтыган көп тармактуу комплекстин курулушу башталды. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров 10-мартта аталган комплекстин курулушуна капсула салды. Көп тармактуу комплекстин долбоору эл аралык стандарттарга жооп берген 296 номери бар заманбап беш жылдыздуу мейманкананы камтыйт.

Ошондой эле 444 батирлүү турак жайлардын, соода аянттарынын жана 1,2 миңден ашык автоунаа үчүн жер астындагы унаа токтотуучу жайлардын салынышы пландалган. Долбоордун баасы 321 млн долларды түзөт.

Долбоор эл аралык компаниялар –ТОО Feb group филиалы, Hyper Partners, ARIYA, Core Architecture жана Gurgoli (Түркия) тарабынан ишке ашырылат.

Президент белгилегендей, мамлекеттик саясат — инвесторлордун каалаган тармакта ийгиликтүү иш алып барышына жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат, аларга ар тараптан жеңилдиктер бар — мисалга, мамлекет жер участокторун бекер берүүгө, бажы алымдарынан жана салык төлөөдө жеңилдиктерди берүүгө даяр.

Copyright © 2017 Maral FM