Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши: Кармалгандар абакта калтырылды

Кыска кабар | 10 Мар 2023 | 386 | 0

Бишкек шаардык соту «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалган саясатчы, активист, блогерлерге карата баш коргоо чарасын өзгөртүүнү карады.

Соттун 9-марттагы чечими менен саясатчылар Бектур Асанов, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, активисттер Акылбек Айтбаев, Рита Карасартова, Али Шабдан, Темир Махмудов 20-апрелге чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта калтырылды.

10-марттагы отурумдан кийин УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана активисттер Марат Баязов, Эрлан Бекчоро, Атай Бейшенбек, Асия Сасыкбаева да камакта калтырылды.

Ал эми активисттер Талант Эшалиев, Перизат Суранова, экс-депутат Орозайым Нарматова үй камагында.

Copyright © 2017 Maral FM