Бишкек шаардык соту «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалган саясатчы, активист, блогерлерге карата баш коргоо чарасын өзгөртүүнү карады.
Соттун 9-марттагы чечими менен саясатчылар Бектур Асанов, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, активисттер Акылбек Айтбаев, Рита Карасартова, Али Шабдан, Темир Махмудов 20-апрелге чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта калтырылды.
10-марттагы отурумдан кийин УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана активисттер Марат Баязов, Эрлан Бекчоро, Атай Бейшенбек, Асия Сасыкбаева да камакта калтырылды.
Ал эми активисттер Талант Эшалиев, Перизат Суранова, экс-депутат Орозайым Нарматова үй камагында.