Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанга жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук-өндүрүштүк секторлордогу, логистикадагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактар аралык байланыштарды жана маданий-гуманитардык алакаларды бекемдөөнү талкуулашты.
Ошондой эле өнөр жай кооперациясы, айыл чарба, энергетика, транспорт тармагында кызматташууну мындан ары кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк бар экени белгиленди.
Биргелешкен пахта-текстиль кластерлерин түзүүнүн жана электр приборлорун өндүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.