Биз менен байланышыңыз

Белгилүү кинорежиссёр Марат Сарулу дүйнөдөн өттү

Кыска кабар | 9 Мар 2023 | 232 | 0

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кинорежиссёр, сценарист Марат Сарулу 66 жашында каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Марат Сарулу 1957- жылы 26-сентябрда Талас облусунда туулган.

Алгач Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1984- жылы Москвада СССРдин эл артисти, режиссёр, сценарист Фёдор Савельевич Хитруктун мектебинен билим алган.

Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун, КМШ жана Балтия кинематографисттер союзунун мүчөсү болгон.

«Бетме-бет», «Бороондуу бекет», «Эрте келген турналар», «Найман эненин ыйы», «Колукту» сыяктуу бир катар белгилүү тасмалардын сценарийин жазып, режиссёр катары «Эргүү», «Мандала», «Эне», «Алтын кыргоол», «Көч» сыяктуу тасмаларды тарткан. Анын тарткан фильмдери бир катар республикалык жана эл аралык фестивалдарда абройлуу сыйлыктарды алган.

Copyright © 2017 Maral FM