Биз менен байланышыңыз

Текебаев германиялык ишкерлерди Кыргызстанга конокко чакырды

Кыска кабар | 8 Мар 2023 | 177 | 0

Германиянын Берлин шаарында өтүп жаткан ITB-2023 эл аралык туристтик жарманкеси бүгүн, 8-мартта да уланып, Кыргызстан менен Германиянын туристтик компанияларынын өкүлдөрү B2B форматында жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти кабарлады.

Иш-чараны эки өлкөнүн элчиликтери, Кыргызстандагы Германиянын эл аралык кызматташтык коому уюштурган.

Кыргызстандан барган өкүлдөр өлкөбүздөгү туристтик мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат беришкен. Келген коноктор андан тышкары фотокөргөзмө, видео жана маалыматтык материалдар менен таанышып, кыргыздын улуттук даамдарынан ооз тийишкен.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө туризм Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн маанилүү жана келечектүү тармактардын бири экенин белгилеп, катышкандарды өз өлкөсүнө конокко чакырган.

Айта кетсек, Берлин шаарына уюштурулган ITB-2023 эл аралык туристтик жарманкеси кечээ, 7-мартта башталган. Ага Кыргызстандан 21 туристтик компания катышып, өлкөнүн туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап жатышат.

Иш-чара эртең, 9-мартта да уланат.

Copyright © 2017 Maral FM