Биз менен байланышыңыз

Жети облустан келген баатыр энелер жүрүшкө чыгышты (сүрөт)

Кыска кабар | 8 Мар 2023 | 214 | 0

Бүгүн Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарында өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген ак элечекчен баатыр энелер жүрүш жасашты. Иш-чара Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана «Кыргызстандын пенсионерлери» партиясы тарабынан уюштурулган.

Жүрүшкө министр Кудайберген Базарбаев өзү да катышып, энелер менен бирге «Ала-Тоо» аянтынан тарта Уркуя Салиеванын эстелигине чейин басып келди. Өнөктүккө жети дубандан келген апалардан тышкары акын-жазуучулар, маданият, искусство ишмерлери да катышты.

Министр куттуктоо сөзүндө өнөктүк президенттин «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгынын алкагында өткөрүлүп жатканын баса белгиледи.

«Кыргызстан бардык жарандын укугу жана эркиндиги корголгон өлкө. Ошол эле учурда президенттин жарлыгына ылайык, улуттук баалуулуктарыбызды, каада-салтыбызды коргоо, жайылтуу үчүн иштер жүргүзүлүп келет. Бүгүнкү акциябыз аркылуу тарыхыбызга, тамырыбызга болгон урмат-сыйды гана көрсөтпөстөн, улуттук жашоо образыбызды коргоого даяр экенибизди көрсөттүк. Биз бала ата-энеси менен өскөн салттуу үй-бүлөнүн сакталышын көздөйбүз, ак калпак, ак элечек улуттук кийимибиз экенин тааныган муунду тарбиялайбыз, ар бир адам ой-пикирин айта алган коомду түзөбүз», — деди ал.

Өнөктүктүк соңунда майрамдык чакан концерт уюштурулуп, катышкан ар бир апага мамлекет башчысынын атынан жоолук белекке берилди.

Copyright © 2017 Maral FM