Биз менен байланышыңыз

Президент үйү сүрдүрүлгөн Шаболотованын тамын кайра салдыра баштады (видео)

Кыска кабар | 8 Мар 2023 | 1435 | 0
Сүрөт "Азаттык" сайтынан алынды

Сокулук районунун Ак-Ордо конушундагы үйү сүрдүрүлүп, көчөдө калган Марал Шаболотованын тамын кайра салуу башталды. Бул тууралуу президенттин кеңешчиси Эрнис Ашымбаев Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Үйдү кайра салууну мамлекет башчысы Садыр Жапаров демилгелеген. Буга чейин Министрлер кабинети курулуш иштерин толук каржылап берерин маалымдаган.

Учурда үйдүн ордун тазалоо, жаңы үйдүн долбоорун чийүү иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.

Марал Шаболотованын «Азаттыкка» ырасташына караганда, Президенттин администрациясы жер талашып жаткан Толкун Самудинова кызыл китепти мыйзамсыз алганын, жердин мыйзамдуу ээси Марал Шаболотова болуп саналарын кабарлаган.

Айта кетсек, Марал Шаболотованын Ак-Ордо конушундагы үйүн соттун чечимине таянып, 1-мартта кошунасы Толкун Самудинова түрттүрүп салган. Нааразы болгон коңшулары 3-мартта жыйын өткөрүп, бийликтен адилет чечим кабыл алууну талап кылышкан.

Андан соң 5-мартта президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен бирге барып, иштин жагдайын жеринен көрүп, тургундардын пикирин угуп кайткан.

7-мартта «жер мунапысы боюнча иш жүргүзүүдө шалаакы мамиле жасаганы үчүн» президенттин Чүй облусундагы өкүлү Нурил Алымбаев менен Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев кызматтан алынган.

Бул иш боюнча нааразы болуп чогулган тургундарды сөгүп, коомдук тартипти бузган айылдык кеңештин депутаты беш күнгө камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM