Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жумушчу топ жолугушуу өткөрдү

Кыска кабар | 8 Мар 2023 | 220 | 0

Жалал-Абад облусунда 1-марттан 7-мартка чейин кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегация кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Кездешүүдө иш график макулдашылып, айрым тилкелерге иликтөө жүргүзүлгөнү, жолугушуу «достук жана бири-бирин түшүнүшүү маанайында» өткөнү, жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлганы айтылат маалыматта.

Буга чейинки кездешүү 12-18-февраль аралыгында Өзбекстандын Фергана шаарында өтүп, анда чек араны демаркациялоо боюнча укуктук-техникалык документтердин долбоорлору даярдалган.

Айта кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча келишимге Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюшкан.

Келишимдерди Өзбекстандын парламенти 15-ноябрда, Кыргызстандын парламенти 17-ноябрда ратификациялап беришкен.

Ратификациядан өткөн келишимдерди Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 29-ноябрда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-ноябрда кол коюп бекитишкен.

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга жасаган сапарында Садыр Жапаров эки өлкөнүн чек араларын делимитациялоо процесси толук аяктаганын жарыялаган.

Жапаров: Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM