Биз менен байланышыңыз

Президент: Аял лидерлерди колдоо үчүн кардиналдуу чаралар көрүлөт

Кыска кабар | 8 Мар 2023 | 215 | 0
Сүрөт "Азаттык" сайтынан алынды

Кыргызстандагы аял лидерлерди алдыга сүрөө жана колдоо максатында алардын мамлекеттик башкаруудагы ролун арттыруу саясатында кардиналдуу чаралар көрүлөрүн белгилеп кетейин. Бул Президент Садыр Жапаровдун 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосунда айтылат.

Мамлекет башчысы Кыргызстандагы аялзаты бала тарбиялап эле тим болбой, коомдук-саясий абалга аралашып, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуп келатышканын белгилеп, Курманжан Датка энеден үлгү алган замандын татыктуу асылзаты болууга үндөп өткөн.

«Баарыңыздарды мээрим чачып кирип келген көктөм жаздын жарчысы – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктаймын. Жаз майрамында жагымдуу маанай тартуулап, ар бир үйдүн куту болгон аялзатына жылуу мамиле жана сый-урмат көрсөтүлүп өзгөчө белгиленип келет. Жашоого ченеми жок кубат берип, чексиз бакыт тартуулаган энелерибиз – ааламга нур чачкан берекесиңер. Эже-карындаштарыбыз ошол береке-кутту бекем кармап, эне жолун улап, аялзатынын аруулугун алып келе жатасыздар. Байыртадан эле нарк билги кыргыз журтчулугунда «Эне бир колу менен бешик терметсе, экинчи колу менен аалам терметет» деп айтылып келген. Ата салтын азыркыга чейин сактап, улуттун келечеги энелердин колунда, деп кыргыз аялзатынын коомчулуктагы орду жогору бааланат», — деп айтылат куттуктоодо.

Мамлекет башчысы ошондой эле бир катар каалоо-тилектерин жолдогон.

Copyright © 2017 Maral FM