Биз менен байланышыңыз

Аламүдүн районуна жаңы аким дайындалды

Кыска кабар | 7 Мар 2023 | 343 | 0

Мурадин Тешебаев Чүй облусунун Аламүдүн районуна аким болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Тешебаев Мурадин Жолдошович 1973-жылдын 7-октябрында Кара-Суу районундагы Кара-Тай айылында туулган. 1996-жылы Ош технологиялык университетин аяктаган.

Эмгек жолун 2000-2001-жылдары Кара-Суу райондук кеңешинде иштөө менен баштаган. Андан кийин бир нече жыл Ош облустук администрациясында ар кандай кызматтарды аркалаган. 2018-2021-жылдары өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө аппарат башчы болгон.

Айта кетсек, Аламүдүн районунун буга чейинки акими Бактыбек Анаркулов 4-мартта кызматынан алынган. Президенттин Жарлык чыгаруусуна жер мунапысы боюнча комиссиянын жана отчёт кабыл алуу боюнча комиссиянын корутундусу себеп болгону белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM