Биз менен байланышыңыз

Колу кесилген наристенин окуясы иликтенип жатат

Ден соолук | 7 Мар 2023 | 1699 | 0

Токтогул районундагы дарыгерлердин шалаакылыгынан бир наристе колунан ажыраганы тууралуу журналист Баяна Кулова социалдык тармакка жарыялады. Ал жаңы төрөлгөн ымыркайдын колуна ийне сайылгандан кийин дары денеге тарап кеткенин жазган. Баланы Бишкек шаарынын Жал кичирайонундагы балдар ооруканасына алып келишип, натыйжада дарыгерлер бөбөктүн колун кесүүгө аргасыз болушкан. Бул боюнча учурда милиция тергөөгө чейинки териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн, анын жыйынтыгы боюнча маалымат берилерин билдирди. 

Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук ооруканасында дарыгерлер наристенин колуна туура эмес ийне сайып, анын кесепетинен баланын колу чыканагынан ылдый кесилгени тууралуу маалымат социалдык тармактарда тараган.

Журналист Баяна Кулова шалаакылыктан наристе колунан ажыраганын, бул боюнча кылмыш иши козголбой, дарыгерлер арыз жазып кетип калышканын Facebook баракчасына жазган.

Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Жылдыз Артыкбаева окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын айтты.

«Бул маселе министрдин жеке көзөмөлүндө. Азыркы учурда Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлүп, Уланбеков Билалдын ден соолугунун абалы тууралуу иликтөө жүргүзүлүп жатат. Бул иликтөө аягына чыга элек. Толук маалыматты жыйынтыгы чыкканда беребиз».

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдинбек Жээнтаев ымыркайдын колунун кесилиши боюнча милиция алдын ала текшерүү жүргүзүп жатканын билдирди.

Ал экспертизанын корутундусунан кийин кылмыш ишин козгоо боюнча чечим кабыл алынарын белгиледи.

«2023-жылдын 24-февралында Токтогул райондук прокуратурасына наристенин апасы арыз менен кайрылган. Ал баласынын денесине ар нерсе чыгып, дене табы көтөрүлгөнүнөн улам ооруканага кайрылган. Токтогул райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө дарыгерлер наристенин колуна туура эмес ийне сайып, анын кесепетинен Бишкектеги балдар ооруканасында баласынын колу чыканагынан ылдый кесилген».

Ал эми медицина тармагы боюнча адис Бекболсун Шарипов айыл жерлериндеги ооруканаларда өз ишин мыкты билген дарыгерлер аз экенин айтат.

«Дарыгер өзүнүн милдетин толук жана так, туура аткарбай койдубу же билгени ошончолукпу? Бейтаптын организминде кандайдыр бир күтүүсүз реакциялар жүрүп кеттиби? Көзөмөлдөй алабы ошону? Мисалы, учурда айылдарда күчтүү дарыгерлер жок. Пенсиядагы адистер же өзүнүн профессионалдык ишмердүүлүгүндө изденбеген, «эч жакка кетпей эле ушул жерде иштеп тура берейин» деген медицина кызматкерлери бар».

Мындан сырткары адис аймактардагы дарыгерлер атайын окутуулардан өтүп, жаңы маалыматтарды алып турушу керектигин кошумчалады.

«Айылдагы дарыгерлердин көпчүлүгү медициналык окуу жайды аяктагандан кийин андан ары окутууларга катышпайт. Жаңы маалыматтарды алып, медицинанын заманбап ыкмаларын үйрөнгөндөр аз. Балким алардын оору тууралуу толук маалыматы болгон эмес. Мындай дарыгерлер көпчүлүк учурда үстүртөн диагноз коюшат. Анан да үстүртөн дарылашат. Ал эми кээ бир учурларда бейтаптар өздөрү оору өөрчүшүп, кеч болуп калганда кайрылат. Ал учурда райондук оорукананын деңгээлинде ага жардам көрсөтүүгө мүмкүн болбой калышы ыктымал».

Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук прокуратурасы арызды райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөткөн.

28-февралда бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки иш-чаралар башталган.

Окуяга тиешеси бар дарыгерлер менен медайымдар күбө катары суракка алынып, баланын китепчеси алынган. Тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Учурда бул фактыны Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы териштирип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM