Биз менен байланышыңыз

Равшан Жээнбеков ооруканадан абакка которулду

Кыска кабар | 7 Мар 2023 | 195 | 0

Жеке клиникада дарыланып жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкек шаардык №1 тергөө абагына кайра которулду. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынган саясатчы 14-февралда дарылануу үчүн менчик клиникага жаткырылган.

Жээнбеков саламаттыгы начарлаганын, анализдердин жыйынтыгында боор оорусу күчөп кеткени белгилүү болгонун 25-январда билдирген. 

Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчы, активист жана блогерлер былтыркы жылдын 23-октябрынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Соттун чечими менен алардын камактагы мөөнөтү узартылган.

Copyright © 2017 Maral FM