Биз менен байланышыңыз

Равшан Жээнбеков саламаттыгы начарлаганын билдирди

Кыска кабар | 26 Янв 2023 | 1152 | 1

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков саламаттыгы начарлап кеткенин, анализдердин жыйынтыгында боор оорусу күчөп кеткени белгилүү болгонун кабарлады.

Анын айтымында, атайын дарыгер да, №1 тергөө абагынын дарыгери да абалы оор экенин тастыктап, ооруканадан дарылануу зарылдыгын билдирген.

Жээнбеков абалына байланыштуу башкы прокурорго, юстиция министрине, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуу жасаган.

«Жазаларды аткаруу кызматынын башчысына кайрылдым, бирок төрага менен абактын башкы дарыгери квалификациялык дарылануудан өтүү тууралуу өтүнүчүмдү четке кагып жатат. Мен муну кызматтык укуктан аша чабуу деп эсептейм. Сиздерден саламаттыгымды текшерүү үчүн эркин дарыгерлерден турган консилиум түзүүнү жана дарыланышыма көмөктөшүүңүздөрдү өтүнөм», — деп жазылган Жээнбековдун кайрылуусунда.

Кемпир-Абадга байланыштуу кармалган саясатчы, активист жана блогерлер былтыркы жылдын 23-октябрынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Алар шаардык соттун чечими менен февраль айына чейин камакта калтырылган.

1 пикир

1 пикир

  1. Токтокан Уразалиева

    30.01.2023 12:59

    Ден-соолукту ойлогон адамдар тынч уйдо олтуруп даарыланыш керек болчу,аркайсы жерде окмотко каршы,буларды жоготобуз,тонкоробуз деп митинг,чогулуштарды уюштуруп, элдин меесин айлантып чуркаган.
    Эми мурунку тапкан оорусун окмоттун башчыларына куноо койгусу келип жатат.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM