Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Салык кодексине өзгөртүүлөрдү талкуулоодон баш тартышты

Кыска кабар | 6 Мар 2023 | 344 | 0

Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун кароодон баш тартышты. Мындай чечим жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышпаганына байланыштуу кабыл алынды.

«Аябай олуттуу маселе каралууда, көптөгөн өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Коомчулук жаңылыктарды кызуу талкуулап жатат. Бул маселеден улам депутаттардын намысына доо кетип жатат. Айрымдар: «Лоббисттер Министрлер кабинетинин өтүнүчүн аткарып жатышат» деп жазышууда. Акылбек Үсөнбекович экинчи окууга келерин айткан. Ошондой эле экономика жана коммерция министри келиши керек», — деди депутат Камила Талиева.

Ал эми президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов тармактык комитеттин отурумуна министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев катышып жатканын түшүндүрдү. Ал каржы жана экономика тармагын көзөмөлдөйт. Бирок, бул депутаттардын пикирине таасир эткен жок.

Комитет маселени күн тартибинен алынып, талкуу башка күнгө жылдырды.

Copyright © 2017 Maral FM