Биз менен байланышыңыз

Ымыркайы менен абакта отурган келин бошотулду

Кыска кабар | 3 Мар 2023 | 711 | 0

Бүгүн, 3-мартта жаңы төрөлгөн баласы менен абакта отурган келин бошотулду. Бул тууралуу жактоочу Канат Хасанов «Фейсбук» баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарды.

«Аида Исакова баласы менен кошо камактан бошотулду. Бишкек шаардык сотунун судьясы абакта төрөлгөн бала эрезеге жеткенге чейин өкүмдүн аткарылышын жылдыруу боюнча чечим чыгарган»,-деп жазды ал.

Эске салсак, 28-февралда келиндин сот залында отурган сүрөтүн жактоочу Замир Жоошев «Фейсбукка» жарыялаган.

Белгилей кетсек, 36 жаштагы Аида Исаковага «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, Свердлов райондук соту 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Келиндин жактоочулары райондук соттун чечимине каршы аппелияциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM