Биз менен байланышыңыз

Сузакта таяк жеп көз жумган 15 жашар өспүрүмдүн өлүмүнүн чоо-жайы

Коом | 3 Мар 2023 | 1775 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 15-жаштагы окуучу катуу таяк жеп, Октябрь аймактык ооруканасында эсине келбей көз жумган. Аны сабаган балдар окуя болгон жерден качып кетишкен. Каза тапкан баланын жакындары буга мектептеги рекетчилик себеп болгонун айтышат. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 10-класстын төрт окуучусу кармалды.

Сузак районунун Сафаровка айылында таяк жеп каза болгон өспүрүмдүн таякеси Канат Абдыкалыков жээнинин сабалышын мындайча божомолдоп жатат:

«Жээним ооруканага түшүптүр деп, карындашым мага телефон чалгандыктан, ооруканага келсем, догдурлар жүрөгү токтоп, тамыры сокпой калганын айтышты. Чоң класстын балдары эски имаратка алып барып уруп, ошондон улам каза болуп калыптыр. Имаратка киргизип «налог» салышкан окшойт. «Бергиле, эмнеге бербей жатасыңар?» — деп сабашса керек. Айтор жээним ошол жерден эле каза болуптур. Урганда каракушу жарылып кетиптир».

Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, кароо жүргүзгөн. Баланын сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгонун маалымдап, окуянын жагдайларын айтып берди.

«Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, 1-март күнү болжол менен саат 14:00дө Сафаровка айылындагы эски мектептин имаратынын ичине Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектептин 10-классынын 2006-жылы туулган Д.М., Ю.Ж., 2007-жылы туулган С.А., А.Ө. аттуу окуучулары 2008-жылы туулган Т.М., И.Б., 2007-жылы туулган Э.Э. К.М., Ж.Т. аттуу 9-класстын окуучуларын бир катарга тизип алып, «Эмнеге түндө көчөгө чыкпай жатасыңар?» — деп сабаган. 2008-жылы туулган Т.М.ны урганда, башы дубалдын кырына тийип жарылган. Ал алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза тапкан. Бул ишке шектүү катары Д.М., Ю.Ж., С.А. жана А.Ө. аттуу окуучулар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө жүргүзүлүүдө».

Акыркы жылдары өлкөдө өспүрүмдөрдүн кылмышка катышуусу көбөйүүдө. Буга интернет булактарындагы маалыматтардын таасири, мектептен кийин окуучулардын бош убактысы көп болуп, эч нерсе менен алектенбей жатканы жана ата-эненин баласы менен сүйлөшпөгөнү, көңүл бурбаганы себеп болууда.

Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын балдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Нуржан Адылова айтып, өлкө аймагында өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштарды болтурбоо жана алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келе жатканын маалымдады.

Адылова жашы жете элек өспүрүмдөр кайсы учурда кылмыш жоопкерчилигине тартыларына токтолду.

«Өспүрүм кайсы учурда кылмышка тартылат? Албетте 16 жашка толгондон кийин кылмыш жоопкерчилигине тартылат, бирок эгерде ал оор же өтө оор, мисалы адам өлтүрүү, атайылап ден соолукка зыян келтирүү же болбосо каракчылык тоноо менен катталса, анда 14 жаштан баштап жоопко тартылат. Өспүрүмдөргө Укук бузуу кодексинин ар бир беренесин айтып берип жатабыз, бирок тилекке каршы, терс көрүнүштөр көбөйүп жатат».

Ал эми балдар психологу Уулкан Итикулова тарбиянын башаты үй-бүлөдө, андан кийин мугалимдерде экенин белгиледи. Анын баамында, азыркы тапта ата-энелердин басымдуу бөлүгү балдарды камсыздоо, курсагын тойгузуу менен алектенип, аларга көңүл бурууну, руханий жактан тарбиялоону унутта калтырууда.

«Биринчи кезекте ата-энелер көңүл бурушу керек да. Баласы эмне алек болуп, кандай музыка угуп, кандай тасма көрүп, кандай оюн ойноп жатканын көзөмөлгө алышы керек. Тилекке каршы, азыр мындай жоопкерчиликти бардыгы эле биле беришпейт».

Атайын адистер ата-энелерди балдарын дайыма көзөмөлдөп турууга чакырат. Ошондой эле мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тоголок кат салган кутуларды уюштуруу да мындай көрүнүштөрдүн алдын аларын белгилешет.

Copyright © 2017 Maral FM