Биз менен байланышыңыз

Жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллы өзгөрөбү?

Коом | 3 Мар 2023 | 1185 | 0

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөгө 27-февралдан тарта каттоо башталды. Ал онлайн режимде 7-апрелге чейин Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтынын электрондук платформасында жүргүзүлөт.

Быйылкы бүтүрүүчүлөр окуган жеринен, ал эми мурдагы бүтүрүүчүлөр жашаган жери боюнча райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн катталышат.

Быйылкы ЖРТнын өзгөчөлүктөрү, жол-жобосу, тестке болгонун баанын жогорулашы жөнүндө алдыда кененирээк токтолобуз. 

Кыргызстанда быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо акысы кымбаттады. Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева билдиргендей, быйыл негизги жана ар бир предметтик тесттин акысы 470 сом болот. Мурда 370 сомдон төлөп келишкен.

«Бул сумма жакынкы эки жылга белгиленди. Ага тестирлөө үчүн суроолорду түзүү, жеринде тестирлөө жүргүзүү, администраторлордун иши, тест жана каттоо материалдары, сертификаттарды басып чыгаруу кирет».

Жалпы республикалык тестирлөөгө www.testing.kg сайты аркылуу же тестирлөө борборлоруна барып катталса болот. Каттоодон өтүү үчүн паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, орто билими жөнүндө аттестаты (мурун окууну аяктагандар үчүн), ЖРТга каттоо акысы төлөгөнүн тастыктаган дүмүрчөк (квитанция), электрондук фотосүрөт керек.

Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы быйыл окуу жайларга өтүүнүн босого баллы тесттин жыйынтыгына жараша өзгөрүшү мүмкүн экендигин айтты.

«Жыл сайын биринчи ЖРТнын жыйынтыктары чыккандан кийин министрлик ЖОЖдорго өтүү үчүн босого баллды өз буйругу менен бекитет. Акыркы жылдары негизги тестке — 110 балл, предметтик тесттерге – 60 балл болуп келе жатат. Быйылкы жыйынтыктар чыккандан кийин белгилүү болот, балким өзгөрүп калышы да ыктымал».

Алдын ала маалыматка караганда, Кыргызстанда 11-класста 69 миң окуучу, 9-класста 115 миң окуучу окуйт.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кайсыл багытка басым жасоо керектиги боюнча мектеп директорлоруна сунуштамалар берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик билим берүү жана китеп басып чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев билдирди.

«Жыл сайын окуучулардын окуу деңгээли жана баллдары төмөндөп жатат. ЖРТ — окуучулардын тигил же бул предмет боюнча билиминин көрсөткүчү эмес, бирок ал министрлик үчүн белгилүү бир изилдөө катары кызмат кылат жана тигил же бул мектептеги билим берүү системасындагы мүмкүн болгон алсыз жактарды көрсөтөт, ага окуу жайдын жетекчилиги көңүл бурушу керек».

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө быйыл 19-майдан 24-майга чейин өтөт. Республика боюнча катталуучулардын санына жараша 120 тестирлөө борбору түзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM