Биз менен байланышыңыз

Бир катар коомдук уюмдар аймактарды өнүктүрүү долбоорлорду сунуштады

Коом | 1 Мар 2023 | 506 | 0

Бүгүн Бишкекте коомдук уюмдардын катышуусунда аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор талкууланды. Анда бул жаатта мамлекет тарабынан кандай жардам керек экени айтылды. Аймактарды өнүктүрүүгө көп жылдан бери басым жасалып келет, бул жолу кандай сунуштар берилүүдө? 

Өлкөнүн аймактарынан келген коомдук уюмдардын өкүлдөрү долбоорлорду ишке ашырууга мамлекеттин көңүлүн бурдуруу максатын көздөйт. Маселен, Ош облусунан келген «Интербилим» коомдук уюмунун жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева эгер өлкөдө коомдук уюмдар жок болсо, анда аймактарда жашаган элдин көйгөйлөрүн чечүү оор болуп каларын айтат. Себеби мамлекет элеттеги элдин жашоосуна толук кандуу шарт түзүп бере албайт.

Ошондой эле ал коомдук уюмдардын долбоорлорунун жардамы менен облустардагы тургундардын бир топ маселелери чечилип жатканын белгиледи.

«Биздин максат: аймактарды өнүктүрүүдөгү коомдук уюмдардын салымын көрсөтүү. Азыр коомдук уюмдарга каршы иштер жүрүп жатат. Жогорку Кеңеште да бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам каралып жатат. Эгер ал мыйзам кабыл алынса, ал аймактагы адамдардын пайдалуу кызматтарга жеткиликтүүлүгүнө бөгөт болот. Эгер биз грант албай, иштебей калсак эмне болот? Эл кандай кызматтардан кол жууйт? Мисалы, психосоциалдык жардамды карасак болот. Учурда Баткендеги жабыркагандарга психологиялык жардамдарды бир гана коомдук уюмдар берип келет. Себеби Саламаттык сактоо министрлиги бул кызматты коюп бере албайт».

«Эл аралык коргоого көмөктөшүү» борборунун жетекчиси Акылбек Ташболотовдун айтымында, бүгүн коомдук уюмдар мамлекет менен биргеликте аймактарды өнүктүрүү боюнча иш алып барууга биринчи кадамды таштап жатат.

Мисалы, аталган борбор миграцияда жүргөн кыргыз жарандарынын укуктарын коргоп, аларга юридикалык жактан көмөк көрсөтүп келет.

«Биз бир нече жылдан бери миграция жаатында иштеп келебиз. Ыйгарым мамлекеттик органдын шериктеши болуп иштейбиз. Азыр аймактарда ыйгарым укуктук мамлекеттик органдын өкүлчүлүктөрү жок. Алардын жоктугун билдирбей иштеп келебиз. Алар көрсөтө турган кызматты элге биз меморондумдун негизинде көрсөтүп жатабыз. Мисалы кара тизмеден текшерүү, эгер кыргыз жараны туура эмес кирип калса, Орусиянын мамлекеттик органдарына кайрылабыз. Аларды мыйзамдуу жол менен чыгарып алабыз. Мындан сырткары мигранттарга алдын ала туура маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз».

Жалал-Абад облусунда жайгашкан «Жарандык коомду колдоо» борбору 27 жылдан бери аймактарды өнүктүрүү багытында иш жүргүзүп келет.

Борбордун директору Чынар Жусупова уюм элдин социалдык жана экономикалык көйгөйлөрүн аныктап, алардын чечүү жолдорун таап келерин айтат.

Мындан сырткары ал бүгүнкү жолугушуу коомдук уюмдар менен мамлекет менен чогуу аймактарды өнүктүрүүсүнө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

«Кыргызстанда коомдук уюмдар абдан активдүү иштешет. Бүгүнкү талкууга бир гана жарандык уюмдар эмес, бизнес чөйрөнүн жана мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү чакырылган. Жолугушууда «Аймактарды биргеликте кантип өнүктүрсөк болот? Кандай тажрыйбалар бар?» деген суроолордун жообун издедик. Мындан сырткары мамлекет жана уюмдар тарабынан аймактарды өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды талкуулап жатабыз. Биргеликте долбоорлорду иштеп чыгабыз деген ниеттебиз».

Аймактардагы тургундар бүгүнкү күнгө чейин социалдык жана экономикалык жактан колдоого муктаж.

Бүгүнкү жолугушуу коомдук уюмдар тарабынан уюштурулган.

Эми коомдук уюмдар мамлекет менен биргеликте айтмактарды өнүктүрүү боюнча бир топ долбоорду ишке ашыра баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM