Кыргызстандыктар март айындагы майрамдарга байланыштуу 5 күн эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Мамлекетте расмий майрам катары белгиленген 8-март — Аялдардын эл аралык күнү, 21-март — Нооруз эс алуу күнү болуп эсептелет.
18-19-март демалыш, 21-март Нооруз майрамы болгондуктан, 20-март дүйшөмбү да эс алуу күнү катары белгилениши мүмкүн.
Айта кетсек, кыргызстандыктар 1-январдан 9-январга чейин эс алган. Мындан улам 5-январдагы иш күн 11-марттагы демалышка, 6-январдагы иш күн 25-марттагы эс алуу күнүнө которулган.