Биз менен байланышыңыз

Курманбек Бакиев мурдагы президенттердин жолугушуусу боюнча үн катты

Кыска кабар | 28 Фев 2023 | 208 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев да экс-президенттердин жолугушуусу тууралуу үн катты.

Ал мурдагы өлкө башчыларынын Дубайдагы жолугушуусу боюнча Nazarnews.org сайтына маек берген.

Анда Бакиев үчүн бул жолугушуу күтүүсүз болгонун, аны оң баалай турганын жана Садыр Жапаровдун жеке кызыкчылыгы болбогонун билдирген.

«Сөзсүз түрдө оң баалайм. Бул демилге анын саясатчы катары жетилгенин көрсөтөт, биздин мамлекет үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн дагы азыркы опурталдуу абалда ал коомду ынтымакка келтирүүнү көздөп жатат, ал жолугушууда Садыр Жапаровдун өзүнүн жеке кызыкчылыгы болгон эмес. Бардык маселелер менен байланыштуу ал мурдагы президенттерди туш келди күнөөлөп-сындап, популизм жолун тандап алса болмок, бирок Жапаров оңой эмес, анткен менен туура жол тандады жана бул – анын адам катары дагы, саясий жактан да өскөнүн көрсөтөт»- деп билдирген.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров 18-февралда Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, мурдагы президенттердин башын бириктиргенин жарыялаган. Ал муну элди элди ынтымакка чакыруу ниети менен түшүндүргөн.

Окуя коомчулукта катуу талкууга алынды. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да Дубайдагы жолугушууга бардык президенттер келеринен кабарсыз барганын айтып, аягында коштошпой кетип калганын билдирген. Ал эми туңгуч президент Аскар Акаев бардык экс-президенттер аягына чейин отурганын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM