Биз менен байланышыңыз

«Аялын, баласын сабады» делген окуянын чоо-жайы

Коом | 27 Фев 2023 | 1452 | 0

Өткөн жуманын соңунда Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зомбулукка шектелип, 34 жаштагы жаран кармалды. Маалыматка караганда, 25-февралда жабыркаган келин милицияга кайрылып, кечке жуук алты айлык баласы экөөнү күйөөсү сабаганын айтып, чара көрүүнү суранган.

Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына караганда, соңку эки жылда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгон, жыл сайын 10 миңдей аял жабыркап келет. 

Бириккен Улуттар Уюму зомбулуктун бул түрүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90%ы түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын билдирген.

Аялын жана алты айлык баласын ур-токмокко алууга шектелип, 34 жаштагы жаран кармалды. Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Назгүл Иманбаева иштин чоо-жайы тууралуу мындай маалымат берди:

«Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (кыйноо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө кызматына 1988-жылы туулган жаран алып келинген. Ал РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кылмыш ишинин алкагында керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда».

Жаракат алып, мээси чайкалган аял Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми алты айлык баласы  №3 шаардык балдар ооруканасына жаткырылып, ага «баш сөөгүнүн сынышы» (перелом костей черепа) диагнозу коюлган. Мындан тышкары ымыркайдын денесинде көгала тактар катталган.

Өлкөдө үй-бүлөлүк зордук-зомбулук маселеси байма-бай көтөрүлүп келсе да, мамлекеттик деңгээлде иштер алып барылбай жатканын укук коргоочулар айтып келишет.

Адам өз жакындарына зордук көрсөтүүсүнө кайсы факторлор түрткү берерин психолог Жакшылык Жыргалбековдон сурадык.

Ал психологиялык, социалдык абалынан, тарбиясынан, жүрүм-турумунан көз каранды экенин белгиледи.

«Мисалы, эркектин аял менен мамиле куруусу кандай болушу керек?  Муну коомчулук кандай кабыл алат? Балдарга болгон мамиле кандай болуусу зарыл? Ушул сыяктуу суроолорго туура түшүнүк түптөлүшү керек. Ошондо адам өзүнүн жүрүм-турумун көзөмөлдөп, керектүү жерде жөнгө сала алат. Бул өтө маанилүү нерсе. Себеби канчалык жинибиз келип, ачууланып турсак да, зомбулукка барбашыбыз керек».

Дагы бир психолог Гүлшайыр Жунусова эркектердин зомбулукка баруусунун эки себебин атады. Биринчиси, ал адам өзү зомбулукка кабылып чоңойгон болушу мүмкүн. Андыктан башкаларга да зордук көрсөтүү оңой көрүнөт. Экинчи себеп, айрым эркектер психотроптук заттарды колдонуудан улам стресс, депрессияга кабылып, үй-бүлөсү менен болгон түшүнбөстүктөр көбөйүп кеткенинен жакындарын сабап баштайт.

Жунусова мамлекеттин негизги көйгөйлөрдүн бирин кантип чечүү керектигин сунуштады.

«Биринчи кезекте мамлекеттик деңгээлде чоң программа кабыл алынып, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан чыгуунун жолдорун баарына үйрөткөндөй чараларды көрүү керек. Экинчиден, ал адам жеке психологдун көзөмөлүндө көпкө чейин турушу зарыл. Үчүнчүдөн, бул «мезгилдик (сезонная) депрессия» болушу ыктымал. Себеби үй-бүлөдө кандайдыр бир маселе жаралса, балким финансылык жактан тартыштыктар болобу, эркектер ушундай акыбалга келип калышат. Бул маселе ден соолуктун начарлаганынан, туура витаминдүү тамактарды жебегендиктен келип чыгат. Ошонүчүн ар бир адам өзүнө кам көрсө, маселелер азаят».  

Расмий маалыматтарга караганда, 2022-жылы Кыргызстанда зордуктоого кабылган балдар боюнча 52 кылмыш иши козголгон. 2021-жылы бул берене боюнча 49, 2020-жылы 17, 2019-жылы 53, 2018-жылы 52 кылмыш иши козголгон.

Эл аралык Human Rights Watch уюму 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жарыялаган баяндамасында Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча маанилүү кадамдар жасалганы менен, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көбү сотко жетпей, жабылып калып жатканын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM