Биз менен байланышыңыз

Мектепке керектүү нерселерди сатып алууда ата-энелерден акча чогултулбайт

Кыска кабар | 27 Фев 2023 | 518 | 0

Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевге ата-энелерден мектепти оңдоп-түзөөгө жана класска керектүү нерселерди (бор, чака, тряпка, ж.б.) сатып алууга акча чогултулбасын деген тапшырма койгон.

Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтуусуна караганда, мектепти оңдоп-түзөө жана керектүү нерселерди сатып алуу республикалык бюджеттен каржыланат.

Садыр Жапаров 25-февралда Каныбек Иманалиевди кабыл алып, 2022-жылдын башында Билим берүү министрлигинин бюджети 29 млрд сомдон 49 млрд сомго чейин көтөрүлгөнүн айткан.

Каныбек Иманалиев 24-февралда президенттин жарлыгы менен билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 27-февралдагы жыйынында жактырды. Эми парламенттин жалпы жыйынында талкууланат.

Copyright © 2017 Maral FM