Биз менен байланышыңыз

Мектептерде ата-энелерден акча чогултуу качан токтойт?

Коом | 27 Фев 2023 | 938 | 0

Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевге «ата-энелерден мектепти оңдоп-түзөөгө жана класска керектүү нерселерди сатып алууга акча чогултулбасын» деген талап койду. Жапаров мындай керектөөлөр мамлекеттик бюджеттен каржыланарын айтты. Мектептерде акча чогултууларга 2019-жылы эле тыюу салынган, бирок андан майнап чыга элек. Билим берүү жана илим министрлиги атайын долбоор иштелип чыгарын, анын негизинде кайсы мектепке канча каражат керектелери иликтенерин билдирди.

Ош облусунун Араван айылынын тургуну Кенже Бекболотованын эки уул, бир кызы мектепте окуйт. Анын айтымында, мектепте ата-энелерден акча чогултуу бүгүнкү күнгө чейин тыйылбай келет. Ал ар бир баласы үчүн ай сайын ата-энелер фондуна 50 сомдон, классты оңдоп-түзөө үчүн жылына 200 сомдун тегерегинде акча берет.

«Биздин мектепте ай сайын ата-энелер фонду деп ар бир балага 50 сомдон алат. Менин эки уулум, бир кызым окуйт. Кызым 10-класс, уулум 8-класс, кичүү балам 5-класста окуйт. Ошондо ай сайын 150 сомдон кетет. Андан сырткары оңдоп-түзөө иштерине деп жылына 200-250 сомдон ар бир балага беребиз. Мугалимдер бааны өздөрү айтышат, биз ошол сумманы беребиз. Биз айылда жашайбыз. Жумуш жок. Жолдошумдун тапканы үй-бүлөнү бакканга араң жетет. Тамак-аш, кийим-кече деген нерселер бар. Аны да эске алуу керек».

Атын атагысы келбеген Бишкек шаарынын тургуну шаарда бала окутуу кыйын экенин айтат. Ал эки баласы үчүн айына 500 сомдон төлөйт. Ал эми мектептеги оңдоп-түзөө үчүн ар бир балага жылына 400 сомдон берет.

«Мен өзүм шаарда турам. Бир уул, бир кызым мектепте окуйт. Ар бири үчүн айына 500 сомдон төлөйм. Төлөбөй коёюн десем, балдардан кем болот экен. Балдарыбыз сабакка барган сайын мугалими сурайт экен. Балдарым өзү айтып келет бергиле деп. Мындан сырткары оңдоп-түзөөгө да жылына 400 сомдон беребиз. Эл катары берип жатабыз. Кээде төлөй албай кыйналам. Бере албай калганда чогулуп калат. Чоң сумма болуп кеткенде, төлөө да оор болуп кетет».

Эки күн мурун президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев менен жолугуп, «ата-энелерден мектепти оңдоп-түзөөгө жана класска керектүү нерселерди сатып алууга акча чогултулбасын» деген талап койду. Жапаровдун айтымында, мектептеги керектөөлөр мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги билим берүү саясаты жана китеп басып чыгаруу башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева учурда Каржы министрлиги менен биргеликте атайын долбоор даярдап жатышканын айтты. Анын алкагында, ар бир мектепке канча каражат керектелери аныкталат.

Эгер мугалимдер мыйзамсыз акча чогултушса, ата-эне министрликке же милицияга кайрылса болот. Факты тастыкталса, мектеп жетекчилери жана тиешелүү кызматкерлер мыйзам чегинде жоопко тартылат.

«Билим берүү жана Каржы министрлиги менен биргеликте иш-чара жүргүзүлүп, учурда кайсы мектептерде канча каражат жетпеси иликтенүүдө. Каржы министрлиги менен чогуу аныктап чыккандан кийин чечилет. Президент да бул боюнча тапшырма берди. Ага ылайык, биз бул иш-чараларды милдеттүү түрдө аткарабыз. Анткени 2019-жылы эле Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мыйзамсыз акча чогултууларга тыюу салган буйрук чыгарылган. Анын алкагында тиешелүү иштер аткарылып жатат».

Төрт жыл мурун Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү жалпы билим берүүчү мекемелердин жетекчилерине, администрациясына окуучулар менен ата-энелерден акча талап кылууга тыюу салган.

Ага ылайык, мыйзамсыз каражат чогултулса, ата-энелерге моралдык-психологиялык басым көрсөтүлсө, мугалимдер жумуштан алынат.

Copyright © 2017 Maral FM