Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги үч адамдын өлүмүнө байланыштуу жаңы жагдайлар айтылды

Кыска кабар | 27 Фев 2023 | 637 | 0

Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Ногойбаев Бишкектин 5-кичирайонунда үч адамдын өтүрүлүшүнө байланыштуу окуя боюнча кошумча маалымат берди.

Анын айтымында, кошуналар эмеректердин жылышын, жерге бир нерсе түшкөнүн, ызы-чуу, кыйкырыктарды угушкан. Унаанын сигнализациясынын үнү да угулган: кыз терезеден секирип түшкөндө унаага кулап, сигнализация иштеген.

«Кошуналар анча маани беришпей, үй башчысына кеч кабарлашкан. Ал жумуштан келип, видеокамераларды карап, участкалык милицияга кабарлаган. Милиция кызматкери келип абал менен таанышкан. Милиция менен ӨКМдин кызматкерлери барып, батирди ачып, үч адамдын сөөгү бар экенин аныкташкан.

Окуя жеринде кароо жүргүзүү учурунда столдун үстүндө спирт ичимдиктери болгону аныкталган. Шектүү менен жабырлануучу мас абалында болушкан. Аны соттук-медициналык экспертиза тастыктап жатат. Экөөнүн ортосунда кайым айтыш болуп, ал ушундай кайгылуу окуяга – адам өлүмүнө алып келген. Ошондой эле, жабырлануунун жашы жете элек эки баласы өлтүрүлгөн», – деди ал.

Жерине келген участкалык милиционер окуяны көрүп, милициянын нөөмөт бөлүмүнө кабар берип, ӨКМдин кызматкерлери чакырылган. Милиция шектүүнүн өздүгүн видеокамералар аркылуу аныкташкан.

«Шектүү өзү жашаган үйүнөн кармалган. Ал милицияга каршылык көрсөтпөстөн, унчукпай, күзөт менен тергөө кызматына жеткирилген», – деди ал.

Буга чейин 16-февралда эне жана эки баласын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран эки айга тергөө абагына камакка алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөөнүн негизинде кылмышка шектүү катары Баткен облусунун 1986-жылы туулган тургуну Ч.А. кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM