Биз менен байланышыңыз

Бишкекте №31 автобус бүгүн каттамга чыгат

Кыска кабар | 27 Фев 2023 | 311 | 0

Бишкекте бүгүн, 27-февралдан тарта №31 автобус каттамга чыгат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы автобус Ынтымак конушунан (айланма) №101 кичиавтобустун маршруту боюнча каттайт.

Линиянын узундугу 34 чакырымды түзгөн бул багытта күн сайын 15 автобус аралыгы 7 мүнөттөн каттамга чыгып турат.

№31 автобустук каттам ишке киргендигине байланыштуу №101 кичи автобустук каттам жаңы кыймыл схемасы менен жүрө баштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM