Биз менен байланышыңыз

Орусия: Новосибирскте газ жарылып, бир кыргызстандык каза тапты

Кыска кабар | 27 Фев 2023 | 253 | 0

Орусиянын Новосибирск шаарында жарылган газдан жабыркаган Кыргызстандын жараны ооруканада каза тапты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Кырсык 9-февралда болгон. 1978-жылы туулган А.А.К. жана 1993-жылы туулган А. уулу Т. газга ууланып, №34 Новосибирск шаардык ооруканасынын токсикология бөлүмүнө жаткырылган. А.А.К.нын омурткасы да сынгандыктан, ушул эле шаардагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтунда операция жасалган.

А.А.К.нын саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн 21-февралда Бердск шаарындагы ОРТОС реабилитация борборуна которушкан. 24-февралда тромбоэмболия диагнозу менен ал жерден кайра Бердск шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ушул жерден бейтап эсине келбей көз жумган.

Кыргызстандын башкы консулдугу ыкчам жардам көрсөтүп, 25-февралда маркумдун сөөгү «Сибирь (S7)» авиакомпаниясынын каттамы аркылуу Ош шаарына жиберилген.

Тышкы иштер министрлиги башкы консулдук андан сырткары сөөктү Мекенине алып кетүүдөгү чыгымдарды жабуу үчүн тиешелүү жөлөк пул алуу боюнча маркумдун жубайынан арыз кабыл алганын, эки баласына Кыргызстанга кайтып баруу боюнча күбөлүктөр берилгенин маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM