Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 27 Фев 2023 | 204 | 0

Бүгүн, 27-февралда таңкы саат 05:58де Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология инстутунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы Какшаал-Тоо кыркаларында, тагыраагы, Таш-Короо айылынан түштүк-чыгышка карай 50 км, Эчкили-Таш айылынан түштүк-чыгышка карай 55 км, Кургак айылынан түштүк-чыгышка карай 58 км, Эңилчек айылынан түштүк-чыгышка карай 60 км, Кең-Суу айылынан түштүк-чыгышка карай 60 км жана Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 130 км аралыкта жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM