Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Эртең күн ачык болот

Кыска кабар | 26 Фев 2023 | 339 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 27-февралда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз өлкө аймактарында күн ачык болот. Чүй, Ош облустарында түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10,

Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +4…+9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7,

Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +7…+9 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM