Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Баткенде курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты менен таанышты

Кыска кабар | 26 Фев 2023 | 140 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрь күндөрү орун алган каргашалуу окуя учурунда бузулган турак жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышты.

Жапаров Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагынын Капчыгай жана Ак-Сай айылдарында, Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк айылында, Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылында салынган үйлөргө барды.

Өкмөттүн маалыматына караганда, башкы аткаруучу компания тарабынан курулуш иштерин аткарууга 33 субподряддык уюм тартылган жана 2 миңге жакын курулушчу иш алып барууда.

Бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 332 турак үйдүн курулушу толук бүткөрүлдү. Жарактан чыккан 418 үйдү жаңыдан куруу каралган. Анын ичинде Баткен районунда 317 үй. Ал эми калган 86 турак үйдүн курулуш иштери мартта толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM