Биз менен байланышыңыз

Сурамжылоо: Балдарын интернатка таштагандар көбөйүүдө

Коом | 24 Фев 2023 | 562 | 0

Акыйкатчы институту менен «Балдардын укуктарын коргоочулардын лигасы» коомдук фонду интернаттагы балдардын укуктары сакталып жатабы, кандай шартта жашап жатышат, ушул сыяктуу маселелер боюнча мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгын жарыялады.

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары да катышып, интернаттагы балдардын укугу тууралуу маалыматтар парламентте да көтөрүлөрүн айтышты.

Өткөн жылдын сентябрынан тарта быйыл январга чейин беш облустагы 11 интернат боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова изилдөөнүн максатын түшүндүрүп берди.

«Биз интернат тибиндеги мекемелерде балдардын канчалык негиздүү жайгашканын, ар бир учурда соттун чечими бар же жогун, балдарга берилип жаткан тарбияны жана билим деңгээлин, ден соолук абалын текшердик.

Тилекке каршы, Чүй облусундагы кээ бир интернат мекемелер киргизбей каршылык көрсөтүштү. Мисалы, прокуратура кылмыш жасалган жагынан караса, биз болсо жарандык позиция менен, элдик адвокат катары мониторинг кылабыз. А эмне себептен прокуратура текшерип келсе, эшиктерин ачып беришет да, акыйкатчы келсе жаап алышат? Бул нерсе көп суроо жаратууда. Албетте биз урушкандан алыспыз. Бирок биргелешип иштебесек, жаап-жашыруудан пайда чыкпайт».

Кыргызстанда ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды коргоо боюнча бир катар ченемдик-укуктук актылар кабыл алынган. Балдар мекемелеринде тарбияланган жеткинчектердин санын кыскартуу жана аларды камкордукка алуу үчүн башка, альтернативдүү жактарга жайгаштыруу боюнча чаралар аныкталган.

Мына ошол документтерде балдарды интернатка жайгаштыруу акыркы чара катары гана колдонулушу көрсөтүлгөн.

Мониторингдин жыйынтыктары көрсөткөндөй, бул ченем дайыма эле мамлекеттик органдар тарабынан аткарылбай турганы, анын үстүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калк менен алдын алуу иштерин жетишсиз деңгээлде жүргүзүшөрү, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө аз жардам көрсөтүшөрү аныкталды.

Бул тууралуу «Балдардын укуктарын коргоочулардын лигасы» коомдук фонду жетекчиси Назгүл Турдубекова белгилеп, интернат мекемелеринде балдардын саны көбөйүшүнүн себептерин тизмектеди.

«Эмне себептен интернаттарда балдар көбөйүп жатканы боюнча анализ жүргүзүп жатабыз. Биринчиден, оор кырдаалга учураганы үчүн. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалгыз бой энелер, анын ичинде жалгыз бой аталар да көбөйүүдө. Алар турмуштун оор кырдаалына чыдабай, балдарын интернаттарга калтырып жатышат.

Экинчиден, майыптыгы бар балдарга карата окутуу системасы жер-жерлерде инклюзивдик талаптарга жооп бербейт. Мамлекет тарабынан жакшы аракеттер болуп жатат, бирок жетиштүү эмес».

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 10 жылдын ичинде интернат тибиндеги балдар мекемелеринин саны көбөйгөнү аныкталган. Буга чейин өкмөт тарабынан мындай мекемелерди трансформациялоо жана оптималдаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынганы менен интернаттагы балдарды азайтуу саясаты жүргүзүлбөй жатканы белгилүү болду. Токтомго ылайык, өкмөт 15 интернатты кыскартышы керек эле.

Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева бүгүнкү иш-чаранын аягында резолюция кабыл алынарын, бул маселе парламентте да көтөрүлөрүн айтты.

«Интернаттардагы балдардын зордук-зомбулукка учураганы көп болууда. Бүгүнкү иш-чаранын жыйынтыгында резолюция кабыл алып, зарыл боло турган чараларды талкуулайбыз. Албетте, парламенттеги комитеттин жыйынында бул маселени көтөрөбүз, балдардын шарттарын жакшыртуу боюнча көп иштерди аткарышыбыз керек».

Статистикалык маалыматтарды карап көрсөк, менчиктин бардык түрүн эске алганда 2012-жылы 117 интернат катталса, 2022-жылы 133 ушундай мекеме катталган. Учурда ал жайларда 10 миң 800 бала жашап келет. Балдардын 5%ы гана томолой жетим болсо, 95%ы жарым жетим же эне-атасы бар экени аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM