Биз менен байланышыңыз

Билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 24 Фев 2023 | 768 | 0

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов ээлеген кызматынан бошотулду.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду.

Уланбек Мамбетакунов 1974-жылы Бишкек шаарында туулган. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-техника факультетин аяктаган. Педагогика илимдеринин доктору, профессор.

Өткөн жылдын март айында Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалган. Ал эми октябрь айынан бери министр кызматын аркалап келген.

Эмгек жолу:

1993-1994-жылдары — Бишкек шаарындагы №28 орто мектебинде физика мугалими;

1995-2002-жылдары — Бишкек шаарындагы №47 орто мектебинде физика, астрономия, информатика мугалими;

2000-2002-жылдары — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Максаттуу даярдоо институтунун компьютердик технологиялар кафедрасында окутуучу;

2002-2005-жылдары — жогорудагы кафедранын башчысы;

2005-2007-жылдары — ушул институттун директору;

2003-2005-жылдары — Кыргыз-түрк кыздар кесиптик лицейинде информатика мугалими;

2004-2009-жылдары — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын табигый илимдер жана маалыматтык укук кафедрасынын доценти;

2007-2008-жылдары — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Маалымат жана байланыш институтунда доцент;

2008-2012-жылдары — Кыргыз билим берүү академиясында улук илимий кызматкер;

2008-2009-жылдары — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Евразия инновациялык технологиялар институтунда менеджер;

2008-2010-жылдары — ушул эле институтта доцент;

2010-2011-жылдары — Бишкек финансы-экономикалык академиясынын маалыматтык технологиялар борборунун директору;

2010-2017-жылдары — Адам университетинин башталгыч билимдер департаментинин жетекчиси;

2013-2014-жылдары — Плато эл аралык университетинин профессору;

2013-2016-жылдары — Евразия университетинин профессору;

2017-2019-жылдары — Адам университетинин профессору;

2019-2022-жылдары — Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти.

2022-2023-жылдары — Билим берүү жана илим министри.

Copyright © 2017 Maral FM