Биз менен байланышыңыз

Гузел Дүйшөнкулованын «Келин таш» тасмасы АКШдагы фестивалда жеңүүчү болду

Кыска кабар | 23 Фев 2023 | 606 | 0

Американын Лос-Анжелес шаарында өткөн көз карандысыз режиссёр аялдардын X кинофестивалында кыргызстандык режиссёр Гузел Дүйшөнкулованын «Келин таш» тасмасы эки номинация боюнча жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу «Кинематографты өнүктүрүү фонду» кабарлады.

Маалыматка караганда, тасма «Мыкты кыска метраждуу көркөм тасма» жана «Мыкты аял режиссёр» номинацияларын жеңип алган.

Тасма Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемесинин негизинде «Кыргызфильм» киностудиясынын колдоосу менен тартылган.

Тасмада күйөөсү миграцияга кетип, кайнатасын карап калган жаш келиндин тагдыры, эркиндикти каалаган келиндердин жашоосу чагылдырылган.

Copyright © 2017 Maral FM