Биз менен байланышыңыз

Өлкөнүн тышкы карызын төлөөгө жарандар акча чогултту

Кыска кабар | 23 Фев 2023 | 2106 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 20-февралына карата жарандар тарабынан мамлекеттик тышкы карызды төлөөгө 31 млн 532 миң сом чогултулду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн 2021-жылдын 4-мартындагы №70 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын төлөө үчүн депозиттик эсептер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомун аткарууда, Финансы министрлигинин Борбордук казынасы тышкы карызды тейлөө үчүн № 44010011030000253 депозиттик эсебин ачкан.

Бул эсепке жеке жана юридикалык жактардан акча каражаттары түшөт.

Copyright © 2017 Maral FM