Биз менен байланышыңыз

Калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү сунушу экинчи окууда кабыл алынды

Кыска кабар | 22 Фев 2023 | 718 | 0

Жогорку Кеңеш 22-февралдагы жыйынында «Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоору аркылуу Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Жетиген, Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын Ак-Тилек, Умай-Эне, Жалал-Абад шаарынын Кызыл-Суу-2, Ноокен районунун Сакалды айыл аймагынын Сай-Бою, Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Жаңы-Арык жана Кырк-Казык, Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Биримдик, Алай районунун Жошолу айыл аймагынын Кара-Токту, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагынын Достук, Сары-Колот айыл аймагынын Бөрүлүк, Ноокат районун Төөлөс айыл аймагынын Кара-Кечит, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат жана Боз-Ала, Тоң районунун Тоң айыл аймагынын Ак-Булуң калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү сунушталган.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев 122 калктуу конуштун макамы жок экенин маалымдады.

Талкуудан кийин мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM