Биз менен байланышыңыз

Кара-Буура району мындан ары Чыңгыз Айтматов району деп аталат

Кыска кабар | 22 Фев 2023 | 511 | 0

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйында айрым айыл-райондордун аталышын өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, жыйынтыгында каттодон өткөн 74 депутаттын 68инин колдоосу менен кабыл алынды.

Мыйзамга ылайык, мындан ары Кара-Буура району Чыңгыз Айтматов району, Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагы Ормонхан айыл аймагы, Кара-Буура районундагы Чимгент айылы Чолпонбай айылы, Ноокат районундагы Борбаш айылы Кайрагач айылы деп аталат.

Мыйзам долбоорун Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров демилгелеп, буга чейин парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде колдоо тапкан.

Бүгүн мыйзам долбоорун жалпы жыйынга Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев алып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM