Биз менен байланышыңыз

Айдоочулар оң рулдуу унааларды такси кызматынан алып салууга каршы чыгууда

Коом | 21 Фев 2023 | 342 | 0
Сүрөт 24.kg агенттигинен алынды

Бүгүн, 21-февралда Бишкек шаарындагы Горький сейил багында оң рулдуу унааларды алып кирүүгө жана такси кызматына пайдаланууга уруксат берүү талабы менен митинг өттү. Катышуучулар президентке кайрылып, кабыл алуусун талап кылышты.

Ички иштер министрлиги оң рулдуу унааларды такси кызматына пайдаланууга тыюу салууну көздөөдө. Бул жаатта атайын мыйзам долбоору даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды. Анткен менен Кыргызстандагы таксилердин дээрлик 90%ы — оң рулдуу унаалар. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, миңдеген айдоочунун ишсиз калуу коркунучу бар. Өкмөт мындай автоунаалар жол кырсыгынын көбөйүшүнө себеп болуп жатканын жүйө келтирген.

Оң рулдуу автоунааларды такси кызматына пайдаланууга тыюу салуу максатын көздөгөн токтом долбоору чыгарылган. Ага ылайык, оң рулдуу автоунаалар коммерциялык максатта жүргүнчү жана жүк ташый албайт. Демилгечилер мындай чектөө жол кырсыктарынын алдын алуу максатында киргизилип жатканын белгилешет.

Ошондой эле токтомдо үч категориядагы автоунааларга ылдамдыкты чектөөчү жабдуу коюу каралган. Ага ылайык, автобустар, 8ден ашык орундугу бар автоунаалар, 3,5 тоннадан 12 тоннага чейин жүк ташууга ылайыкташкан жана 12 тоннадан ашык жүк ташуучу автоунааларга ылдамдыкты чектөөчү жабдуулар коюлат.

Бүгүнкү нааразылык акциянын уюштуруучусу, «Кабылан» такси айдоочуларынын кесиптик кошуунунун мүчөсү Улан бийлик өкүлдөрүнүн бул чечимин сынга алып, жарандарга шарт түзүп берүүнүн ордуна жумуш орундарын ыпылас жол менен кыскартып, элди кыйнап жатышат деген оюн билдирди.

«Эгер бул мыйзам кабыл алынып, иш жүзүнө ашса, оң рулдуу такси кызматында иштеп жаткан, тагыраагы, 70% айдоочулар жумушсуз калышат. Биринчи кезекте аларга альтернативалуу жолдорду сунуштап, жаралган кризистен чыгып кетүүгө багытталган башка нерселерди киргизип, биз менен акылдашып, шарттарды түзүп бериши керек эле. Булардын баарын кылып, анан мыйзам долбоорун иштеп чыгышса жарашмак, биз да нааразы болбойт болчубуз».

Жүргүнчүлөр өздөрү да оң рулдуу унаалар менен жүрүүгө көнүп калганын Акжол аттуу айдоочу айтты. Ал «жол кырсыктын баары оң рулдуу унаалардын айынан болуп жатат» деген сөздөргө кошулбайт. Кырсыктын катталышы айдоочунун жоопкерчилигинен көз каранды деп эсептейт.

«Оң рулдуу унаалар боюнча улам сайын эле жаңы мыйзамдарды сунуштап, өзгөртүүлөрдү киргизип, «оюнчук» кылып алышты. Биздин өлкөдө завод-фабирикалар болуп, кошумча жумуш орундар түзүлсө, макул демекпиз. Абалыбыз андай болбогондуктан, жарандардын 70-80%ы оң рулдуу унаалар менен нан таап жашап келе жатат. Урматтуу өкмөт мүчөлөрү, оң рулдуу унаалардан колуңуздарды тартыңыздар! Элге мүмкүнчүлүк түзүп берүүнүн ордуна такси кызматына эле «асыла бересиңер». Оң рулдуу унаалардан колуңарды тарткыла!»

Автоунаасы оң рулдуу такси айдоочусу Назира кымбатчылык күндөн күнгө өсүп жатканын, оң рулдуу унаалары менен балдарын багып жашап келе жатканын айтып, маселени бийлик өкүлдөрүн түшүнүү менен кабыл алууга өтүндү.

«Башка жумуш жок. Биздин жашыбыз 40тан ашып калды. Эгер жумуш караштырсак, «пенсияга чыгыңыз» дешет. Пенсияга чыгайын десең, «жашыңыз жете элек» деп жооп беришет. Кандай кылабыз? Балдарды багып, окутуп, чонойтуу керек. Ушуну түшүнсөңүздөр, биз пенсияга чыга элекпиз, жөлөк пул албайбыз, иштеп, балдарыбызды багып келе жатабыз. Ошондуктан урматтуу бийлик өкүлдөрү, депутаттар, эл кыйналып жатат. Бензин кымбат, нан кымбат, турмуш кымбат болуп жатат негизи эле. Өзүбүздүн оокатыбызды өзүбүз кылып жатабыз, ошон үчүн оң рулдуу унааларга тийишпеңиздер».

Айдоочулардын айтымында, сол рулдуу унаалар менен алыскы аймактарга жүргүнчү ташуу кыйын. Себеби мындай унаалар ага ылайыкталган эмес. Ал эми оң рулдуу унаалар сапаттуу келип, алыскы аймактарга тез-тез каттап турганга ыңгайлуу болот. Мындан улам облустарга каттаган сол рулдуу таксилер жокко эсе.

Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы оң рулдуу унаалар жол кырсыгына көп кабыларын статистика менен билдирип, аны өлкөгө алып келүүгө каршы чыгып, такси кызматына да тыюу салууну көздөөдө.

Мекеменин маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу биринчи кезекте оң рулдуу унаалар Кыргызстанда кабыл алынган жол эрежесине ылайык келбесин айтат.

Мындан сырткары ал бул мыйзам 2013-жылы иштелип чыкканын, ал эми бүгүнкү күндө коомдук талкууда турган мыйзам долбоор ошол мыйзамга шайкеш келтирүү максатында чыгарылганын түшүндүрдү.

«Талдоолор көрсөтүп тургандай, Кыргызстандагы катталган өтө оор кесепеттер менен коштолгон унаа кырсыктарынын 60%ын оң рулдуу автоунаалар түзөт. Өтө оор кесепеттер менен коштолгон дегенде унаа кырсыгынан 1-2 адам көз жумган, 10дон ашуун киши жаракат алган учурлар катталууда. Ошондуктан алар Кыргызстандын транспорттук кыймылына туура келбейт, айрыкча, алыскы аймактарга каттаган оң рулдуу унаалар».  

Такси айдоочуларынын арасында унаасын насыяга алгандар да көп. Каттамдан тапкан акчасынын бир тобун банкка төгүп, калганына жан багып келишет. Буга байланыштуу оң рулдуу таксилерге чектөө киргизүүгө каршы болушууда. Эгер кабыл алдырабыз дешсе, айдоочулар көтөрүлүп, митингге чыга тургандарын эскертишти.

ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 17 миңдей автоунаа жүргүнчү ташып иштейт. Анын тең жарымы — оң рулдуу унаалар. Министрлик жол кырсыктарынын 60%ы оң рулдуу унаалардын айынан болорун белгилеп келет.

Ал эми таксилердин 75%ын оң рулдуу унаалар ээлейт. Эгер мыйзам долбоору колдоо тапса, миңдеген айдоочунун ишсиз калуу коркунучу бар.

Copyright © 2017 Maral FM