Биз менен байланышыңыз

Ош милициясы медреседе катуу сабалган өспүрүм боюнча маалымат берди

Кыска кабар | 20 Фев 2023 | 1011 | 0

Ош облустук милициясы медреседе окуган 12 жашар баланын сабалышы боюнча тууралуу маалымат таратты.

Көк-Жар айыл аймактык ооруканасынын дарыгерлери 2022-жылдын 9-декабрында Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө чалып, денесинде оор жаракаттары бар 12 жашар М.А. жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын билдирген.

Аталган окуя маалыматтардын электрондук журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө баланын Рауза атындагы медреседе окуганы, аны сабоого шектүүлөр 13 жаштагы К.К., М.Э., М.А. жана 12 жаштагы Э.А. экени аныкталган. Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык, балдардын жаш курагы жоопко тартууга туура келбегендиктен (14 жаштан жогору тартылат) кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган.

Шектүүлөр атайын каттоого алынып, Укук бузуулар кодексинин 102-беренесинин 2-бөлүмүнүн (ата-энелик милдеттерден качуу) негизинде балдардын ата-энелерине айып пул салынган. Ошондой эле уруксат кагаздары жок иштеп жатканы эске алынып, Рауза атындагы медресени жабуу боюнча сунуштама тиешелүү тараптарга жөнөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM