Биз менен байланышыңыз

Асел Турдалиева Бейшеналиева университетине проректор болду

Кыска кабар | 20 Фев 2023 | 1733 | 0

КР эмгек сиңирген артисти, ырчы, педагог Асел Турдалиева Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин тарбия жана чыгармачылык иштер боюнча проректору болуп дайындалды. Бул тууралуу ырчы «Марал» радиосуна билдирди.

Тиешелүү буйрукка университеттин ректору Түмөнбай Колдошов кол койгон.

Белгилей кетсек, буга чейин Асел Турдалиева окуу жайдын сырттан окуу жана кадрларды кайра даярдоо факультетинин деканы болуп иштеп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM