Кыргызгидромет борбору бир жумага карата өлкө аймагындагы аба ырайы боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, көпчүлүк аймактарда аптанын башында кар жаап, жолдор тайгак болот.
Бишкек шаарында 19-24-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. 24-февралда түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Чүй облусунда 19-24-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. 25-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Талас облусунда 19-24-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. 25-февралда айрым жерлерде кар жаайт. Жолдор тайгак болот.
Ош облусунда 19-февралда кар жаап, 20-24-февраль күндөрү күн ачык болот. 25-февралда кар жаашы күтүлүүдө.
Жалал-Абад облусунда 19-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, бирок күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерге туман түшөт. Жуманын аягында көпчүлүк жерге кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Баткен облусунда 19-февралда кар жаашы күтүлөт. 20-24-февралда жаан-чачын жаабайт. Шамалдын ылдамдыгы 1-6 метрге жетип, багыты өзгөрүп турат. 25-февралда кар жаашы мүмкүн.
Ысык-Көл облусунда 19-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Андан соң аптанын аягына чейин жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Нарын облусунда 19-февраль күнү кар жаашы күтүлүүдө. 20-24-февралда жаан-чачын болбойт, 25-февралда кар жаайт. Жолдор тайгак болот.