Connect with us

Кыргызстанда 23-февраль эс алуу, 25-февраль иш күн болот

Кыска кабар | 19 Фев 2023 | 744 | 0

Ата Мекенди коргоочулар күнүн майрамдоого байланыштуу 23-февраль эс алуу күн деп жарыяланды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Ал эми 25-февраль, тагыраагы, ишемби иш күн болуп эсептелет. Себеби быйыл жыл башында кыргызстандыктар сегиз күн катары менен эс алып, 25-февралдагы дем алыш күнү 4-январдагы иш күнүнө которулган.

Министрлер кабинетинин чечими менен беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 1-8-январь дем алыш күндөр болуп белгиленген:

2023-жылдын 9-январындагы дем алыш күнү 2023-жылдын 3-январындагы иш күнүнө которулган;

2023-жылдын 25-февралындагы дем алыш күнү 2023-жылдын 4-январындагы иш күнүнө которулган;

2023-жылдын 11-мартындагы дем алыш күнү 2023-жылдын 5-январындагы иш күнүнө которулган;

2023-жылдын 25-мартындагы дем алыш күнү 2023-жылдын 6-январындагы иш күнүнө которулган;

Copyright © 2017 Maral FM