Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең, 18-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5,
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5,
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5,
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 3…5 градус болот.