Биз менен байланышыңыз

Ажылыкка баруу үчүн 20-февралдан тарта электрондук тизмеге катталыш керек

Кыска кабар | 18 Фев 2023 | 281 | 0

Жаңыдан ажылыкка барууну каалаган жарандар 20-февралдан тарта электрондук тизмеге каттала алышат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.

Быйыл жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөт.

Жаңы талапкерлер 1 миң доллар жана кайтарымсыз 1000 сомду төлөп, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык Казыяттарга жана райондук Хатибияттарга, РСК Банкына төлөнгөн алгачкы 1 миң доллардын квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл.

Талапкерлер 1 миң доллар жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала алышпайт.

Талапкерлерди каттоо Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт.

Толук маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын сайтынан алсаңыздар болот.

Copyright © 2017 Maral FM